Биз менен байланышыңыз

Нурбаев: Билим берүү тармагындагы иштер токтоп калды

Күн чабыт , Кыска кабар | 1 Сен 2021 | 3651 | 0

Азыркы билим берүү министринин компетенттүүлүгү заманбап билим берүүгө жетпей жаткандай. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев «Маралдын» түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Билим берүү министрлигине жаңы башчы келгенден кийин бул тармакта болуп аткан реформалар, кээ бир иштер да токтоп калды.

«Бизде тарыхта билим берүү тармагында реформа жасаган 2 министр эсте калган: Чынара Жакыпова биринчи жолу коррупция менен күрөшүп, экинчиси Шаршекеева Жалпы республикалык тестирлөөнү киргизген. ЖРТнын кириши менен чоң коррупциялык пласт жок болду. Аны өзү ойлоп тапкан жок, эл аралык норманы эле киргизип койду. Азыркы убакта ошондой нерсени да киргизе албай жатабыз. Биз балдарга тандоо мүмкүнчүлүгүн бере албай жатабыз», — дейт депутат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM