Биз менен байланышыңыз

Коронавирус 142 адамдан табылып, 4 киши каза болду

Кыска кабар | 1 Сен 2021 | 317 | 0

Бүгүн, 1-сентябрга карата 142 адамдын коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында — 70, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 18,  Талас облусунда — 1, Нарын облусунда — 6, Ысык-Көл облусунда — 35, Жалал-Абад облусунда — 1, Баткен облусунда — 10 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 290 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан 4 адам каза болгон.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 1 миң 36 адам, ал эми амбулатордук түрдө 795 бейтап дарыланууда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 175 миң 876 учур катталды. Анын ичинен 170 миң 67 адам оорудан айыгып чыкты, 2 миң 532 бейтап каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM