Кечээ, 31-августта Ош шаарында Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган салтанатта Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш байге алган Акжол Махмудовго 2 бөлмөлүү батирдин сертификаты берилди.
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Акжол Махмудовго батирдин, андан тышкары мэриянын атынан 100 миң сомдун сертификатын тапшырды. Спортчу менен анын машыктыруучуларына шаар бюджетинен жалпы 200 миң сом бөлүнгөн.
Ошондой эле президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов спортчуга 10 миң доллар акчалай сыйлык тапшырды.