Бишкекте «Ала-Тоо» аянтында Кыгызстандын эгемендигинин 30 жылдыгын майрамдоого карата даярдык жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек мэри Айбек Жунушалиев аянтта даярдык иштерин көзөмөлдөөдө.
Учурда параддын репетициясы жүрүп, адистер жабдыктардын техникалык жарамдуулугун текшерип жатышат.
Майрамдык иш-чараларды даярдоого бардык шаардык кызматтар жана төрт шаардык администрация тартылган.