Connect with us

ЖККУ Кыргызстан менен Тажикстанда аскердик машыгуу өткөрөт

Кыска кабар | 28 Авг 2021 | 301 | 0

Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму (ЖККУ) Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстан менен Тажикстанда аскердик машыгуу өткөрөт. Бул тууралуу ЖККУнун маалымат катчысы Владимир Зайнетдинов билдиргенин «Интерфакс» агенттиги жазды. 

«Бул пландалган машыгуу. Бир нече миңдеген аскер кызматкери катышарын күтүп жатабыз», — деген Зайнетдинов.

Маалым болгондой, ЖККУнун Кыргызстандагы аскердик машыгуусу 7-9-сентябрда «Чек ара-2021» деген аталышта өтөт.

Ал эми октябрь айында Тажикстандын Ооганстан менен чектеш аймагында «Издөө-2021» жана «Эшелон-2021» деген аталыштарда эки ирет аскердик машыгуу болот.  Ошондой эле ноябрь айында ушул эле өлкөдө «Кобальт-2021» аталышындагы атайын-тактикалык машыгуу өтөрү болжолдонуп жатканын айткан маалымат катчы.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM