Биз менен байланышыңыз

Баткен: Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө бериле турган үйлөрдүн курулушу аяктап калды

Кыска кабар | 28 Авг 2021 | 522 | 0

Баткен шаарында үстүбүздөгү жылдын апрель айында кыргыз-тажик чек ара чатагында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө бериле турган 36 үйдүн курулушу дээрлик аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Бүгүн, 28-августта президент Садыр Жапаров Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында курман болгондордун үй-бүлөлөрү үчүн жеке курулуш компаниялары тарабынан курулуп жаткан шаарчадан кабар алды.

Мамлекет башчысы жашоого ыңгайлуу заманбап шарт түзүлгөн бир нече үйдү көрүп чыкты. Маалым болгондой, шаарчанын көчөлөрүнө асфальт төшөлүп, түнкү жарыктандыруу орнотулган. Ошондой эле жакынкы аралыкта аймакка бала бакча, фельдшердик-акушердик пункт жана башка ушул сыяктуу социалдык имараттарды куруу, парк салуу да мерчемделип жатат.

Садыр Жапаров маркумдарды эскерип, туугандары менен бирге куран окуду жана алардын жакындарына дагы бир жолу көңүл айтты.

Copyright © 2017 Maral FM