Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 28-августта түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +15 … +20, күндүз +28… +33;
Талас облусунда түнкүсүн +9 … +14, күндүз +26 … +31;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17 … +22, күндүз +30 … +35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8 … +13, күндүз +20 … +25;
Нарын облусунда түнкүсүн +4 … +9, күндүз +20 … +25°C градус ысык болот.
Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +18 … +20, күндүз +31 … +33 градус ысык болот.