Биз менен байланышыңыз

Атыр Абдрахматова: Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтүшү мүмкүн

Маек , Пикирлер | 27 Авг 2021 | 3255 | 0

Президент Садыр Жапаров «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга кечээ, 26-августта кол койду. Ага ылайык,  Жогорку Кеңешке 36 депутат бир мандаттуу округдан жана 54 эл өкүлү партиялык тизмеде преференциалдык добуш берүү аркылуу шайланып келет. Партиялар үчүн шайлоо босогосу 5% деп белгиленген. Жаңы Конституция боюнча парламентте 90 депутат болот. Парламенттик шайлоо мыйзамга кол коюлгандан канча күндөн кийин жарыяланышы керек? Дегеле, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо качан өтөт? Бул суроолорго Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү, юрист Атыр Абдрахматова жооп берди. 

— Атыр айым, айтсаңыз, президент «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» жаңы кабыл алынган мыйзамга кол койду. Эми парламенттин VII чакырылышын шайлоо качан өтөт? 

— Ар кандай талаш-тартыштар менен жаңы шайлоо эрежелери бекитилген. Эми Конституцияга, мыйзамга ылайык, ошол кабыл алынган мыйзамдын акыркы варианты коомчулукка жарыяланышы керек. Акыркы вариантын эч ким көрө элек. Мен президент менен депутаттардын резиденциядагы сый тамагынан кийин үчүнчү талкууга чыгарылган мыйзам долбоорун көргөм. Анда так мөөнөт белгиленген эмес. Мурда «Жогорку Кеңешти шайлоо октябрь айынын мынчанчы демалыш күнүнө коюлушу керек» деп, шайлоо мыйзамына жазылган болсо, азыр «Жогорку Кеңештин иштөө мөөнөтү бүтө турган айда шайлоо өткөрүү керек» деп турат. Демек, «октябрда же ноябрда болот» деген талкуу болбой калат. Эмне себептен? Анткени азыр иштеп жаткан жаңы Конституцияда «иштеп жаткан мамлекеттик органдар мыйзам чегинде жаңы мыйзамдар кабыл алынып, мыйзам чегинде алмаштырылганга чейин иштей берет» деп жазылган. Демек, азыр «Жогорку Кеңештин конституциялык мөөнөтү качан бүтөт?» деген суроого чекит коюлуп калып жатат.  Мындан сырткары жаңы мыйзамда эски талаптар эле калган. Президент шайлоону Жогорку Кеңештин мөөнөтү бүткөн айга байланыштырып, «100 күндүк мөөнөттө, кем дегенде 90 күндүк мөөнөттө дайындашы керек» деп турат.

— Ошондо сиздин эсептөөңүз боюнча парламенттик шайлоо кайсы күнгө белгиленет?

—  Ошондо бүгүн кол коюлду, ал жарыяланып, расмий чыккандан кийин күчүнө кирет. Эгерде президент шайлоону дайындоо боюнча жарлыкка бул демалыш күнгө чейин кол койсо, анда парламенттик шайлоо 28-ноябрда болуп калат. Эгерде андан кечиктирип кол койсо, анда декабрдын башы же ортолору болуп калышы мүмкүн. Анткени бул — минималдуу мөөнөт.

— Шайлоону кыш мезгилинде өткөрүү канчалык ыңгайлуу?

— Кышка алып барып өткөргөн шайлоолор негизи эле бийликтегилерге ыңгайлуу болот. Анткени шайлоонун жыйынтыгына макул эмес тараптар нааразычылык акцияларына чыга албай калышат, суук болот. Эми талаш-тартыш болуп, мыйзамдын кабыл алынышы да узарып калды. Шайлоо ноябрдын аягында өтөбү, же декабрдын ортосунда өтөбү, баары бир анын жыйынтыгын чыгаруу үчүн БШКга 20 күндүк мөөнөт керек болот.

— Жаңы шайлоо мыйзамы боюнча аралаш система кирип жатат, ал кандай коркунучтарды жаратышы мүмкүн?

— Аралаш система кирип жаткандыктан коркунуч бир гана партиялардын тополоң көтөрүүсүнөн эмес, бир мандатуу шайлоодо да бар. Анткени, мыйзам боюнча ким утуп чыкса, депутат болот. Ал эми анын депутаттыгы жокко чыгарылса, ошол округда кайрадан шайлоо өткөрүлөт. Андан кийинки орунда добуш алган адам депутат болуп калбайт. Кайра-кайра шайлоо өткөрүү элге пайдалуу эмес. Менин оюмча, туруктуу иш алып барууга кийинки орунда добуш алган адам депутат болсо туура болмок.

Ошондуктан бир мандаттуу шайлоого катышкан саясатчы партияга кошулгусу келбейт. Алар округдан барышат. Демек ал жерде күрөш абдан чоң болот. Албетте бир округдан бирөө гана уткан үчүн калгандары нааразычылык акцияларына чыгышы мүмкүн. Буга чейин башыбыздан өткөргөнбүз, бир мандатуу системада жол тосуп, ачкачылык жарыялаган учурлар болгон. Алар кайра кайталанышы мүмкүн.

Андан сырткары бизде дагы бир чоң коркунуч бар: ал — Ооганстандагы бийлик алмашуу. Алар канчалык деңгээлде тынч жаңы бийлик курушат, Борбор Азиядагы мамлекеттер менен тең укуктуу мамиле түзгөнгө барышабы же өзүнүн идеологиясын таркатууга аракет кылышабы, бул дагы чоң коркунуч. Билсеңер, шайлоо, шайлоонун аркасы менен боло турган тополоңдор, андан сырткары сырттагы коркунучтар, ошол эле учурда Тажикстан менен болгон окуялар. Ошондуктан алдыдагы шайлоолор тынч, таза, ачык өтүшү керек.

— Маегиңиз үчүн рахмат. 

Copyright © 2017 Maral FM