Биз менен байланышыңыз

«Талибан» Ооганстанда музыкага тыюу салынарын айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Авг 2021 | 888 | 0

Ооганстанда учурда бийлик жүргүзүп жаткан «Талибан» кыймылы өлкө саясатын шарияттын эрежелерине таянуу менен замандын талабына жараша жүргүзүүгө кызыкдар. Бул тууралуу кыймылдын өкүлү Забихулла Мужахид The New York Times гезитине берген маегинде билдирди.

«Исламда музыкага тыюу салынган. Бирок биз жарандарга кысым жасабай туруп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен музыкадан баш тартууга көндүрө алабыз», — деген Мужахид.

Мужахиддин айтымында, талибдер учурда он жылдар бою талкаланган өлкөнү ирдентүүгө аракет кылууда. «Биз өткөндү унутуп, келечек курууну каалайбыз», — деп кошумчалаган «Талибан» кыймылынын өкүлү.

Ошондой эле аялдардын иштөөсү тууралуу маселеге токтолуп, алар өз жумуштарына кайтса болорун айткан.

«Аялдар бетин толугу менен жаап жүрүшү керек» деген сөздөр негизсиз. Башына жоолук салынышы милдеттүү. Мындан тышкары, «Аялдар жанында «махрамы» (ред. — күйөөсү, атасы же эркек бир туугандары, кайнатасы, уулу) жок жалгыз көчөгө чыкпайт», — деген сөздөр да негизсиз. Бул талап 3 күндөн көп сапарга чыга турган аялдарга гана тийиштүү. Жумушка, окууга, мектепке же башка күнүмдүк иштерде аялдар көчөгө өзү каалагандай, кеңири чыга берсе болот», — деп белгилеген Забихулла Мужахид.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM