Биз менен байланышыңыз

27-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 26 Авг 2021 | 355 | 0

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 27-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 28…33;

Талас жергесинде түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26;

Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 31…33 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM