Connect with us

Бишкек: «Айнекстан» ишканасында заманбап өндүрүштүк линия ачылды (сүрөт)

Кыска кабар , Экономика | 25 Авг 2021 | 1433 | 0

Бүгүн, 25-августта «Айнекстан» ишканасында заманбап өндүрүштүк линиянын ачылышы болду. Линияга жаңы жабдууларды алуу үчүн Кепилдик фондунун колдоосу астында Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан 1 млн 300 миң доллар насыя бөлүнгөн.

Ачылышка келген Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Артём Новиков өз сөзүндө бул каржы льготалык негизде, жеңилдетилген шартта берилгенин, мындагы максат ички өндүрүштү өнүктүрүү экенин белгилеп өттү.

«Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду бул долбоорго 1 млн 300 миң доллар жеңилдетилген насыя берди. Ага заманбап жабдуулар сатып алынды. Мунун маанилүү жагы, биз акырындап сырттан сатып алууну токтотуп жатабыз. Башка мамлекеттин экономикасын колдоодон кетип, акчаны өзүбүздүн өлкөгө, улуттук экономикага жумшоодобуз».

«Айнекстан» деген бренд менен чыгып келаткан бул ишкана 2010-жылы түптөлгөн. Алгач 10 гана иш орду бар чакан ишкана болсо, акыркы 3-4 жылдын ичинде өлкө базарынан өз ордун толук таап, алдыңкы компаниялардын катарына кошулууга жетишти. Учурда 80ге жакын адам эмгектенип, негизинен терезенин айнегин жана айнек буюмдарды жасап чыгарат. Бул тууралуу бизге «Айнекстан» брендин алып жүрүүчү «Гласслэнд компани» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Бакытбек Алимов айтып берди.

«Биз үчүн кардарлардын каалоосу ар дайым биринчи орунда турат, ошондуктан дайыма тейлөөнүн сапатын жакшыртууга аракет кылабыз. «Айнекстан» ишканасы базарда 10 жылдан ашуун иштеп келет. Башталып жатканда он кишиден турган чакан ишкана болчу. Азыркы учурда жаңы жабдуулар менен 80ге жакын иш орун түзүлдү. Курулуш компаниялары менен иштешебиз. Жаңы линия Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке ашырылды».

Белгилей кетсек, «Айнекстандын» өндүрүмүнүн 70%ы ички рынокту камсыздап, 30%ы гана сыртка экспорттолот. Ишкана ачылгандан бери 30 миңден ашуун тапшырыкты орундоого жетишти. Жаңы жабдуулардын алынышы менен ишкана тармактарын дагы да кеңейтип, өндүрүмдүн көлөмүн көбөйтүп, күнүнө 2 миң чарчы метр айнек буюмдарын жасап чыгууну мерчемдеп жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM