Биз менен байланышыңыз

Араванда 780 миң сом уурдоого шектелип, 34 жаштагы жаран кармалды

Кыска кабар | 25 Авг 2021 | 284 | 0

Ош облусунун Араван районундагы үйдөн ири суммадагы акчаны уурдап кеткен деген шек менен 34 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Милиция бөлүмүнө 5-августта Араван районунун 31 жаштагы М.С. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда А. Анаров айыл аймагында жайгашкан үйүнөн 780 миң сом акчасын жана алтын буюмдарын белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирген.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси («уурдоо») менен катталып, ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 15-август күнү Өзгөн районунун 34 жаштагы А.Т. аттуу тургуну шектүү катары кармалган.

Ал 4-август күнү саат 11:00дөр чамасында жогорудагы айтылган даректеги үйгө кирип, 720 миң сом, 60 миң рубль жана жалпы баасы 100 миң сомдук алтын буюмдарын уурдап кеткен деп шектелүүдө. Жабырлануучунун жалпы зыяны 880 миң сом болгон.

17-августта кылмышка шектүү А.Т.ны бир айга камакка алуу чечими чыккан. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM