«Дордойдун» капитаны жана чабуулчусу Мирлан Мурзаев клубдан кетет. Бул тууралуу «Дордой» клубунан билдиришти.
«Футболчу «Ченнаи» (Индия) клубуна кетүү тууралуу оюн билдирди. Бул сезондо Мурзаев 22 расмий оюнга катышып, сегиз гол киргизди», — деп билдирет клуб.
«Дордой» 31 жаштагы спортчуга клубдагы оюну үчүн ыраазычылык билдирип, ийгилик каалаган.
Мурзаев «Дордойдо» 2019-жылдан бери ойноп жаткан.