Биз менен байланышыңыз

Бекешев: «Фейктер» тууралуу мыйзам бийликти сындагандар үчүн коркунучтуу

Кыска кабар | 24 Авг 2021 | 858 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президент Садыр Жапаров кол койгон «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам боюнча оюн билдирди.

Бекешевдин пикири боюнча, бул мыйзам фейктер үчүн эмес, бийликти сындаган адамдар үчүн коркунучтуу болуп саналат.

«Мыйзам президент, министр, сот жана колунда кандайдыр бир бийлиги бар адамдарга каршы бир нерсе айткан интернет колдонуучулар, провайдер, уюлдук байланыш операторлору үчүн коркунучтуу. Мыйзамга кол коюлганы менен ал жалган же анык эмес маалымат тууралуу арыздарды кабыл ала турган орган белгиленгенден кийин иштей баштайт. Ага дагы бир нече ай керек болот. Өлкөдө кризис болуп жатат. Бийлик болсо «ачуу» сөздөрдөн коргонуу үчүн элдин акчасын коротууга даяр болууда», — дейт ал.

Анын айтымында, бул мыйзам бийликке баары бир жардам бербейт.

«Интернеттеги баракчаны жабуу, жазалоо менен өзүндү жакшы көрдүртө албайсың. Коркутушуң мүмкүн, бирок сый-урматка жетпейсиң. Ал адамдардын ачуусун гана ойготот. Адамда жегенге эч нерсе калбай калганда, эч бир чектөө курсагы ач экенин жана бийликти жектээрин айтуудан кайра тарттырбайт», — дейт жалган ал.

Эскерте кетсек, аталган мыйзам «Маалыматтарды манипуляциялоо жөнүндө» деген ат менен былтыр парламент тарабынан үч окуудан өтүп, президенттин кол коюусуна жөнөтүлгөн. Бирок коомчулук катуу каршылыгын билдиргенден кийин президент Сооронбай Жээнбеков мыйзамга кол койбой, толуктап иштеп чыгуу үчүн артка кайтарган.

Быйыл депутаттар ал мыйзамды «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо» деген ат менен кайра алып чыккан. Мыйзамды Жогорку Кеңеш үч окуудан өткөрүп, президенттин кол коюусуна жөнөтүлгөн. «Хюман Райтс Уотч» уюму (HRW) бул мыйзам боюнча билдирүү жасап, ал Кыргызстандагы сөз эркиндигин чектей турганын белгилеген. Аны менен бирге «Хюман Райтс Уотч» Жапаровду аталган мыйзамга вето коюуга чакырган.

Copyright © 2017 Maral FM