Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан суусунан 17 жаштагы баланын сөөгү табылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, Арашан суусуна 2004-жылы туулган С.у.К. аттуу баланын түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Аламүдүн райондук бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.