Connect with us

Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Абдыкеримовго Ардак грамота берилди

Кыска кабар | 23 Авг 2021 | 636 | 0

Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Шаршенбек Абдыкеримовго Ардак грамота берилди. Бул тууралуу «Маралга» Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Нурланбек Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, Улуттук Олимпиада комитетине Алкыш баракчасы, комитеттин президентине Ардак грамота берилген.

«Комитеттин президентине деп, грамота берилди. Кичине ооруп жатканына байланыштуу ал келе алган жок», — деди директор.

Абдыкеримов чет мамлекетте деп айтылгандар боюнча так маалымат жоктугун, бирок чет мамлекетте болушу мүмкүн экенин билдирди.

Шаршенбек Абдыкеримов — «АЮ Холдинг» компаниясынын негиздөөчүсү. Улуттук Олимпиада комитетинин президенттигине 2015-жылы келген.

Белгилей кетсек, бүгүн, 23-августта Токиодогу Олимпиада оюндарына катышкан, байге уткан спортчуларга, алардын машыктыруучуларына жана башкаларга сыйлыктар тапшырылган. Сыйлык алгандардын катарында Улуттук Олимпиада комитетин президентинин аты аталбаганы көптөрдө суроо жараткан.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM