Биз менен байланышыңыз

24-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 23 Авг 2021 | 409 | 0

Эртең, 24-августта өлкөнүн тоолуу аймактарында күн күркүрөп, жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +16 … +21, күндүз +27… +32;

Талас облусунда түнкүсүн +10 … +15, күндүз +25 … +30;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17 … +22, күндүз +30 … +35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10 … +15, күндүз +21 … +26;

Нарын облусунда түнкүсүн +7 … +12, күндүз +20 … +25 градус ысык болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +19 … +21, күндүз +30 … +32 градус ысык болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM