Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Ооганстандан жалпы 24 кыргызстандык жаран эвакуацияланды

Кыска кабар | 19 Авг 2021 | 507 | 0

Ооганстандан жалпы 24 кыргызстандык жаран эвакуацияланды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Кыргызстан менен Казакстандын Тышкы иштер министрлеринин ортосунда жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында кечээ, 18-августта Казакстандын көмөгү менен Кыргызстандын 15 жараны Мекенине кайтып келди.

Мурда маалымдалгандай, Кыргызстандын Ооганстандагы элчилиги көмөктөшүп, Кыргызстандын 9 жараны АКШ уюштурган атайын каттам аркылуу Кабул шаарынан Катар мамлекетине көчүрүлгөн.

Учурда аларды Кыргызстанга кайтаруу каттамдарын иштеп чыгуу маселеси каралууда.

Ооганстандын аймагында калган Кыргызстандын жарандары коопсуз жерде жайгашкан, министрликтин жана элчиликтин кызматкерлери телефондон байланышып турушат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM