Бүгүн, 19- августта Кыргызстанга Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келди.
Белгилей кетсек, 19-20-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Кеңешменин жүрүшүндө интеграциялык биримдиктин алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралмакчы.