Эртең, 20-августта өлкө аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +14 … +19, күндүз +31… +36;
Талас облусунда түнкүсүн +8 … +13, күндүз +29 … +34;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18 … +23, күндүз +31 … +36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10 … +15, күндүз +20 … +25;
Нарын облусунда түнкүсүн +3 … +8, күндүз +14 … +19 градус ысык болот.
Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +17 … +19, күндүз +31 … +33 градус ысык болот.