Биз менен байланышыңыз

1991-жылдан бери Казакстанга 1 миллиондон ашык этникалык казак кайтып келген

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Авг 2021 | 1569 | 0

1991-жылдан бери Казакстанга 1 млн 80 миң 700 этникалык казак кайтып келген. Бул тууралуу өлкөнүн Эмгек жана калкты социалдык коргоо министрлигинен билдиришти.

Быйыл 7 айдын ичинде мекенине кайтып келген 10 миң 398 казак кандаш макамын алган.

Тарыхый мекенине быйыл кайткан этникалык казактын көбү: 76,4%ы Өзбекстандан, 10,1%ы Кытайдан, 6,4%ы Түркмөнстандан, 2,5%ы Монголиядан жана 4,6%ы башка мамлекеттерден келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM