Биз менен байланышыңыз

Ош шаарынын мэрлигине Алмаз Мамбетовдун талапкерлиги көрсөтүлдү

Кыска кабар | 18 Авг 2021 | 493 | 0

Ош шаарынын мэрлигине калаа башчысынын милдетин аткарып жаткан Алмаз Мамбетовдун талапкерлиги көрсөтүлдү. Бул тууралуу «Маралга» БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Аны Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция сунуштаган. Азырынча ал мэр кызматына жалгыз талапкер болуп жатат.

Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп 2-августта дайындалган.

Ал 2016-2019-жылдары Балыкчы шаарынын мэри болуп иштеген. Андан кийин 2019-2020-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, 2020-2021-жылы президенттин иш башкармалыгынын төрагасы кызматтарын аркалаган.

Белгилей кетсек, учурда Бишкек менен Токмок шаарларында да мэрликке бирден талапкер болууда. Бишкекте мэрликке калаа башчысынын милдетин аткарып жаткан Айбек Жунушалиевдин талапкерлиги көрсөтүлсө, Токмокто мэр кызматына депутат Урмат Самаев талапкер болууда.

Аталган үч шаарда мэрлерди шайлоо 26-августта өткөрүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM