Биз менен байланышыңыз

19-августка карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 18 Авг 2021 | 522 | 0

Эртең, 19-августта Ысык-Көлдүн көпчүлүк аймагында, Чүй, Ош, Нарын жана Жалал-Абаддын айрым райондорунда жаан жаайт. Талас жана Баткенде жаан-чаын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +13 … +18, күндүз +29 … +34;

Талас облусунда түнкүсүн +7 … +12, күндүз +28 … +33;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17 … +22, күндүз +31 … +36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9 … +14, күндүз +20 … +25;

Нарын облусунда түнкүсүн +5 … +10, күндүз +21 … +26 градус ысык болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +16 … +18, күндүз +30 … +32 градус ысык болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM