Биз менен байланышыңыз

Лейлекте Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары жолугушту

Кыска кабар | 18 Авг 2021 | 1780 | 0

Кечээ, 17-августта «Кулунду – унаа жолу» көзөмөл өткөрмө бекетинде Кыргызстандын Лейлек жана Тажикстандын Ганчи багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн орун басарларынын жолугушуусу өттү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Жолугушууда ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен Лейлек жана Ганчидеги чек ара тозотторунун башчылары үчүн чек арачылардын жүрүм-турум аракеттери боюнча практикалык сабак өткөрүлгөн. Анда эки өлкөнүн чек арачылары чыр-чатакты болтурбоо жолдорун, көйгөйлүү маселелерди талкууланган.

Кыргызстандын Лейлек багыты боюнча чек ара өкүлүнүн орун басары Жоошбековдун айтымында, биргелешкен окуу эки өлкөнүн чек ара тозот башчыларынын актуалдуу маселелерди талкуулоосуна шарт түзүп, чек арада чыр-чатак учурларды болтурбоого өбөлгө болот.

Жолугушуу чек арачылардын кичи футбол боюнча мелдеши менен жыйынтыкталган.

Мындай практикалык сабактар кыргыз-өзбек чек арасында да өткөрүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM