Биз менен байланышыңыз

Гүлмира Абдралиева жаңы кызматка дайындалды

Кыска кабар | 16 Авг 2021 | 628 | 0

Мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын төрайымы кызматына дайындалды.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Гүлмира Абдралиева 10-августта башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Транспорт жана коммуникациялар министри кызматынан бошотулган.

Абдралиева ушул жылдын февраль айынан бери министр кызматында иштеп келген.

Буга чейин Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун жетекчиси кызматын Мырзабек Жыпаркулов аркалап келген. Ал август айында Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM