Биз менен байланышыңыз

Миргазы Исаков Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси болду

Кыска кабар | 16 Авг 2021 | 321 | 0

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиевдин буйругу менен Миргазы Исаков мэриянын аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Ал буга чейин Президенттин администрациясынын уюштуруу-текшерүү иштери жана аймактар аралык байланыш бөлүмүнүн инспектору кызматын аркалап келген.

Дайындоо ротациялык негизде президенттин ушул жылдын 17 -июнундагы № 226 «Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясында саясий кызматтарды ээлеген мамлекеттик кызматкерлерди ротациялоо жөнүндө» жарлыгына ылайык жүргүзүлдү.

Миргазы Исаков 1976-жылы 2-мартта Фрунзе шаарында туулган. Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик кызматта, Тышкы иштер министрлигинде, «Кабар» улуттук маалымат агенттигинде, Өкмөттүн аппаратында жана Президенттин администрациясында бөлүм башчылык кызматтарды аркалап келген.

Ошондой эле эл аралык уюмдарда: Пекиндеги ШКУ катчылыгында, БУУнун Дүйнөлүк азык -түлүк программасынын Бишкектеги кеңсесинде саясий кеңешчи, ошондой эле билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы эл аралык долбоорлордо укуктук маселелер, адам ресурстарын башкаруу жана мамлекеттик органдар менен байланыш иштери боюнча эксперт кызматтарын аркалаган. Дипломатиялык даражасы бар: II класстагы дипломатиялык кызматтын кеңешчиси.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM