Биз менен байланышыңыз

Талибдер өлкөнүн аталышын Афганистан Ислам Эмираты деп өзгөртөт

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Авг 2021 | 8618 | 0

Ооганстандагы «Талибан» кыймылы кечээ, 15-августта борбор шаары Кабулду курчоого алып, түнү Ооганстандын расмий бийлиги эч кандай каршылыксыз багынганын жарыялаган. Алар президенттик сарайга кирип, учурда өлкөдө убактылуу өкмөт түзүлдү.

Ал эми Ооганстандын президенти Ашраф Гани Ахмадзай үй-бүлөсүнүн жана бир канча чиновниктердин коштоосунда өлкөдөн чыгып кеткени айтылды. Айрым маалымат булактары аны Өзбекстанга учту десе, айрымдар Тажикстанга барды деп жазды. Ашраф Гани азырынча өзүнүн кайсы өлкөдө экенин расмий жарыялай элек.

Ал ортодо талибдер өлкөнүн Афганистан Ислам Республикасы аталышын Афганистан Ислам Эмираты деп атоону көздөп жатканы белгилүү болду. Талибдер 1996-2001-жылы өлкөнү башкарып турган убакта да ушундай аталышта болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM