Биз менен байланышыңыз

Казакстан Кыргызстанга 1000 тонна буудай үрөнүн гумжардам катары берет

Кыска кабар | 16 Авг 2021 | 471 | 0

Казакстан Кыргызстанга 1000 тонна күздүк буудайдын үрөнүн гуманитардык жардам катары берет. Бул тууралуу Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаев тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушуу учурунда билдирген.

Казакстан тараптын демилгеси боюнча министр Руслан Казакбаев Казакстандын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Рапил Жошыбаевди 12-августта кабыл алды.

Анда министр Казакбаев Казакстанга азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле коронавирустук пандемиянын жайылышына каршы күрөшүү үчүн көрсөтүлгөн гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле элчи Жошыбаев казак тарап быйылкы жылы 1000 тонна күздүк буудайдын үрөнүн гранттык жардам катары берүү маселесин карап жатканын маалымдады.

Мындан сырткары кыргыз тарап казак-кыргыз чек арасындагы чектөө чараларын мүмкүн болушунча эртерээк алып салуу зарылдыгын баса белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM