Биз менен байланышыңыз

Лионель Месси «Барселонадан» кетти

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 6 Авг 2021 | 1444 | 0

Аргентиналык спортчу Лионель Месси Испаниянын «Барселона» клубунан кетти. Бул тууралуу клуб расмий билдирүү жасады.

Клуб Месси менен келишимдин узартылбаганын, Испания чемпионатынын регламентинде каралган эрежелер менен түшүндүрдү.

Ошол эле учурда Франциянын «ПСЖ» клубу Месси менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгы айтылууда.

Месси спорттук карьерасында «Барселонанын» курамында гана ойноп келген. Өткөн сезондо ал 35 оюн өткөрүп, 30 гол киргизген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM