Connect with us

Нарын жана Талас облустарына жаңы казылар келди

Кыска кабар | 29 Июл 2021 | 596 | 0

Нарын жана Талас облустарына жаңы казылар дайындалды. Тиешелүү буйрукка муфтий Замир кары Ракиев кол койду.

Нарын облусуна казы болуп Эрик ажы Молдокулов келди. Мурдагы казы Мамбетасан ажы Ибраев ден соолугуна байланыштуу арыз жазып, ишин тапшырган.

Ал эми Талас облусунун казысы болуп Сулумбек ажы Узеналиев дайындалды. Узеналиевди эмгек жамаатына муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев тааныштырып, ишине ийгиликтерди каалады.

Талас облусунун мурдагы казысы да ден соолугуна байланыштуу кызматтан кеткен.

Эрик ажы Молдокулов

Сулумбек ажы Узеналиев

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM