Биз менен байланышыңыз

Манасчы Сагымбай Орозбаков тууралуу тасма тартыла баштады

Кыска кабар | 27 Июл 2021 | 750 | 0

Ысык-Көл облусунун аймагында «Сагымбай манасчы» аттуу тасма тартылып жатат. Бул тууралуу «Кыргызфильм» киностудиясы билдирди.

Тасманын режиссеру – Эрнест Абдыжапаров. Операторлук ишти Санжар Абдыжапаров аткарууда.

Сагымбай Орозбаков 1867-жылы Ысык-Көлдө жарык дүйнөгө келген. 1930-жылы Кочкордо каза болгон.

Сагымбай «Манасты» бала кезинде аян аркылуу айтып баштаган. Чоңбаш, Тыныбек, Келдибек манасчылардан таалим алган. 1922-1926-жылдары «Манас» эпосу Сагымбай Орозбаковдун айтуусунда жазылып алынган. Ыбырайым Абдрахманов кагаз бетине түшүргөн бул варианттын көлөмү 180 миң 378 сапты түзгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM