Перунун шайлоо комиссиясы «Эркин Перу» партиясынын өкүлү Педро Кастильо президенттик шайлоодо жеңип чыкканын жарыялады.
Педро Кастилього шайлоочулардын 50,12%ы же 8,8 млн киши добуш берген. Ага атаандаш болгон «Элдик күч» партиясынын өкүлү Кейко Фухиморини шайлоочулардын 49,9%ы колдогон.
Перуда президенттик шайлоо 2 тур менен өткөн. Биринчи тур 11-апрелде, ал эми экинчи тур 6-июнда болгон.
Педро Кастильо президенттик кызматка 28-июлда киришет.