Кыргызстанда 12-июлга карата COVID-19 илдетинен 11 бейтап каза болду. Муну менен коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 2113кө жетти.
Акыркы бир сутка ичинде дагы 1330 адамдан коронавирус аныкталды. Былтыр пандемия башталгандан бери өлкөдө 140 978 адам вирус жугузуп алды.
Ошол эле акыркы суткада коронавирустан дарыланып жаткан 763 адам айыкты. Жалпы сакайгандардын саны 118 771 адам.
Бир суткада 42 медицина кызматкери коронавирус жугузуп алган. Пандемия башталгандан бери жалпы 5920 медикке вирус жукту, анын 5154ү сакайды.
Учурда 4 694 бейтап ооруканада, 14 420 киши үй шартында дарыланууда.