Шайлоочулардын добуштарын сатып алууга шектүү катары дагы бир жаран аныкталды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 8-июлда түнкү саат 23.30 чамаларында Ош милициясына добуш сатып алууга шектүү катары 1991-жылы туулган К.Э. аттуу жаран алып келинди.
Ал Ошто жергиликтүү кеӊешке катышып жаткан бир саясий партиянын кызыкчылыгы үчүн жарандардын добуштарын сатып алуу максатында шаар тургундарына атайын алдын ала түзүшкөн тизме менен 1500 сомдон акча таратып жүргөнү маалым болгон.
Алдын ала маалыматтарга караганда, кармалган жигит шайлоого катышып жаткан талапкердин жакын тууганы.
Учурда Жазык кодексинин 192-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды, тергөө иштери уланууда.
11-июлда Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңешине кайра шайлоо өтөт.
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо быйыл 11-апрелде өткөн. Мыйзам бузууларга байланыштуу Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине болгон шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылып, кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.
Маматалиев: Айрым партиялар админресурту толук колдонуп жатат