Биз менен байланышыңыз

Нарында пара талап кылган «алдамчы чекист» кармалды

Кыска кабар | 9 Июл 2021 | 451 | 0

Нарында өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырган Т.С.К. аттуу жаран пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Атайын кызматтан кабарлашты.

Кармалган жаран Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына текшерүү жүргүзүп, түзүлгөн актыны оң тарапка чечип берем деп жетекчиликтен 100 доллар сураган.

Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде кармалган «Т.С.К.» Нарын шаарындагы ИИБнин убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда буга окшогон фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

УКМКнын Нарын облусундагы башкармалыгы эгер мындай аракеттерден жабыркагандар болсо, (03522) 50849 ишеним телефонуна билдирип коюусун өтүнөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM