Connect with us

Баткен: Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болду

Кыска кабар | 8 Июл 2021 | 1309 | 0

Бүгүн, 8-июль күнү болжол менен саат 17:00дө кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болду. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

«УКМКнын Чек ара кызматынын атчан чек арачылары Лейлек районунун Науман ашуусу жактагы кыргыз-тажик чек арасында кызмат өтөп жүргөн. Белгиленген багыт боюнча бара жатканда Чашмагилдан ашуусу жакта кыргыз чек арачыларына Тажикстандын чек арачылары күтүүсүздөн кол салган. Аскерлер ортосунда ок атышуу болгон», — деп билдирет Чек ар кызматы.

Азыркы тапта окуя учурунда жабыркагандар тууралуу маалымат такталууда.

Окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн жерине Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери кеткен. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү аталган окуя боюнча териштирүү жүргүзүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM