Connect with us

Ош шаарында жүк ташуучу унаалар кураштырылып баштады (сүрөтү)

Кыска кабар | 8 Июл 2021 | 479 | 1

Ош шаарындагы «Кыргызунаакурулуш» заводунда жүк ташуучу унаалар чогултуп, чыгарыла баштады. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Кечээ, 8-июлда ишканага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов барып, ал жактагы иштин жүрүшү менен таанышкан.

«Кыргызунаакурулуш» машина куруу заводу Кыргызстанда алгачкы жолу жүк ташуучу унааларды чогултуп баштады. Ишкана заманбап жабдуулар менен жабдылган. Бардык өндүрүш процесстери немис технологиялары менен жүргүзүлөт. Өндүрүштүк ишке Түркия жана Орусиядан да адистер тартылган», — деп билдирет мэрия.

Ишкана 2020-жылдын ортосунан тарта биринчи продукцияларын – электр генератор, лифт, темир эшиктерди ж.б. чыгара баштаган. Жакынкы мезгилде электромобилдер чогултула баштайт.

Ишканада 300дөн ашык адам эмгектенип жатат.

1 пикир

1 пикир

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM