Биз менен байланышыңыз

Орусиянын Приморский академиясы кыргызстандыктар үчүн 20 бюджеттик орун бөлдү

Кыска кабар | 6 Июл 2021 | 522 | 0

Орусиянын Приморский мамлекеттик айыл чарба академиясы Кыргызстандын жарандары үчүн 20 бюджеттик орун бөлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Аталган окуу жай Уссурийск шаарында жайгашкан. Окуу жайга Кыргызстандагы жана Орусияда жашаган (эгер миграциялык картасында «Окуу» деп көрсөтүлсө) жарандар тапшыра алат.

20 орун төмөнкү бөлүмдөр боюнча берилүүдө:

— Агроинженерия;

— Агрономия;

— Агрохимия жана агроөсүмдүктөр;

— Ветеринардык-санитардык экспертиза;

— Зоотехния;

— Токой чарбасы;

— Өндүрүш технологиясы жана айыл чарба продукциясын иштетүү.

Кабыл алуу эрежелерине ылайык, чет өлкөлүк абитуриенттер окууга өтүү үчүн аталган окуу жайдын сынагынан өтүшү керек. Документтер Академиянын сайты аркылуу «Абитуриент» бөлүгүндө аралыктан тапшырылат.

Кирүү тесттерин тапшыруу да академиянын электрондук маалымат тутумун колдонуу менен аралыктан жүргүзүлөт.

Окууга тапшыруу:

Документтерди кабыл алуу –  20-июлга чейин;

Кирүү сынактары – 29-июлга чейин;

Окуу жайга катталуу – 17-августка чейин;

Окуунун башталышы – 2021-жылдын 1-сентябры.

Чет өлкөлүк студенттер үчүн жатакана берилет (айына 800 рублдан). Ошондой эле биринчи курстун студенттерине ай сайын стипендия төлөнөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM