Ысык-Көл айланма жолунун Корумду – Балбай тилкесине асфальт басууга 128 млн доллар тартылат. Бул тууралуу Жогорку Кенештин басма сөз кызматы билдирди.
Жолдун аталган бөлүгүн куруу үчүн Ислам өнүктүрүү банкы, ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фонду жана Араб өнүктүрүү Кувейт фондунан насыя алынууда. Алынган каражаттын 35%ы грант болуп саналат. Насыя 2,5% үстөк менен 23 жылга берилүүдө.
Корумду – Балбай жолунун узундугу 81 чакырымды түзөт. Жол 4 тилкелүү салынат.