Биз менен байланышыңыз

Текебаев: Инанды боюнча кыргыз бийлиги тезинен реакция жасашы керек

Кыска кабар | 6 Июл 2021 | 2575 | 0

Саясатчы Өмүрбек Текебаев кыргыз жараны Орхан Инандынын түрк атайын кызматы тарабынан уурдалышы тууралуу пикирин билдирди. Ал: «Кыргызстанда суверендүүлүк кертилбеши керек», — деп кошумчалады.

Анын айтымында, Орхан Инанды Кыргызстандын жараны. Ал Кыргызстандын билим берүү системасынын өнүгүшүнө эбегейсиз чоң салым кошкон инсан, биздин мекендешибиз.

«Кыргыз мамлекетинин суверендүүлүгү канчалык кол тийгис болсо, ар бир кыргыз жараны ошондой кол тийгис болушу керек. Анткени, Кыргыз граждандарынан Кыргыз эли түптөлөт. Кыргыз эли — мамлекеттин негизи. Ошондуктан, Кыргызстандын  Конституциясынын бардык редакциясында «мамлекет өз граждандарынан коопсуздугун коргойт жана Кыргыз жаранын чет элге эч убакта бербейт» деген кепилдик бар.

Түрк атайын кызматтарынын Кыргызстандын территориясында эркин жүрүп, Кыргызстандын граждандарын уурдап кеткендиги бул биздин мамлекеттин, Кыргызстандын суверендүүлүгүнө, анын мамлекеттик кызыкчылыгына кол салганга тете аракет», — деп билдирген Текебаев.

Ошондой эле, суверенитет четинен кертилип сатылбашы керектигин айтып, бул окуяга Кыргыз бийлиги тарабынан кечиктирилбестен адекваттуу тиешелүү баа берилиши керек, ошого жараша Кыргыз бийлиги тиешелүү аракеттерди жасашы зарылдыгын белгиледи.

Инандынын жоголгонуна бир ай: бийликтин аракетсиздиги

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM