Биз менен байланышыңыз

Инандынын жоголгонуна бир ай: бийликтин аракетсиздиги

Блог | 1 Июл 2021 | 3308 | 1

Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемелеринин президенти  Орхан Инандынын дайынсыз болуп жатканына бүгүн туура бир ай болду.

Орхан Инанды өзү ким?

Ал «Сапат» билим берүү мекемелеринин президенти. Кыргызстанда 1995-жылдан бери иштеп келет, 2001-жылдан тартып «Сапат» Эл аралык билим берүү мекемесинин президенти. 2012-жылдан бери Кыргыз Республикасынын жараны. Орхан Инанды Кыргызстандагы өз ишмердүүлүгү учурунда бир катар мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон. Ага 2002-жылы «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги» төш белгиси жана 2003-жылы мугалимдер күнүнө карата «Даңк» медалы тапшырылган. Инанды 2011-жылы педагогикалык илимдеринин кандидаты деген илимий даражага ээ болгон. Үй-бүлөлүү, 2 кыз, 2 уулдун атасы.

Окуя кандайча болгон?

 Орхан Инанды 31-майда кечки саат алтылар чамасында өзүнүн Lexus GX-470 унаасы менен үйүнөн чыгып кеткен, ал эми 1-июнь күнү таңкы саат төрттөрдө Малдыбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жанынан унаасы табылган.

Инандыны издөө иштери кандай жүрүүдө?

Ички иштер министрлиги бул факты боюнча «адам уурдоо» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Мекеменин жетекчиси Улан Ниязбеков Орхан Инандыны издөө ишин жеке көзөмөлгө алды.

Бул окуяга Президент Садыр Жапаров реакция кылып, Орхан Инандыны издөө боюнча тергөө-оперативдик иштерди күчөтүүнү жана кошумча күчтөрдү тартууну тапшырган.

Ошол эле күнү, 1-июнда «Сапаттын» бүтүрүүчүлөрү, мугалимдер жамааты жана окуучулардын ата-энелери Түркиянын элчилигинин жана Өкмөт үйүнүн алдына Орхан Инандыны таап берүү талабы менен тынчтык митингине чыгышкан.

3-июнда Жогорку Кеңеште депутаттар Инандынын жоголушу тууралуу маселени көтөрүшүп, жыйынга ИИМ жетекчисин чакыруу чечимине келишет.

Ал күнү дайынсыз болуп жаткан жарандын жубайы Рейхан Инанды маалымат жыйын өткөрүп, күйөөсү Кыргызстандын жараны экенин эске салуу менен бийликтегилерден аны таап, коргоп берүүнү өтүнгөн.

Президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 3-июнда Коопсуздук Кеңеши Орхан Инандынын уурдалышына байланыштуу укук коргоо органдары менен биргеликте жыйын өткөрүп, Инандынын кайсы жерде экенин тезинен аныктоо боюнча мекемелер аралык координацияны, өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жана бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө чараларын көрүү зарылдыгы белгиленди.

6-июнда Рейхан Инанды видео кайрылуу жасап, президенттен жана жалпы кыргыз элинен жардам сурап, жолдошун Түркияга бербей сактап калууну суранган.

Ал жубайы Кыргызстандын жараны экенин белгилеп, учурда аны Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратында кармап тургандыгы боюнча ага маалыматтар келип жатканын билдирген.

7-июнда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйыны учурунда депутат Абдывахап Нурбаев Түркиялык «Sabah» басылмасы Орхан Инандынын уурдалышына Кыргызстандын УКМКсынын тиешеси бар деп жазып жатканын билдирген.

Ал Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаевге кайрылып, түркиялык расмий басылма ушундай маалыматтарды жазып жатса, министрлик үндөбөй отурганын сынга алды.

Артыкбаев басылмада жазылгандар боюнча маалыматы жок экенин айтып, бирок ага жооп берилерин билдирди.

8-июнда парламенттин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев ИИМ Инандыны Интерпол аркылуу Орусияда жана Түркияда да издөө иштерин жүргүзүп жатканын айтты.

Аны менен бирге ал «Орхан Инанды Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратында кармалып жатышы мүмкүн» деп айтылгандарга байланыштуу суроого жооп берди.

«Орхан Инандынын жубайы менен «жолдошу элчиликтин имаратында кармалып жатат» деген маалыматты каяктан алганы боюнча сүйлөштүк. Ал маалыматты башка мамлекетте жүргөн адам берген. Ошондуктан ал адам менен сүйлөшө алган жокпуз. Элчилик да Орхан Инанды элчиликте болбогонун билдирди», — деди Абдиев.

Ошондой эле, ал ИИМдин элчиликти текшерүүгө укугу жок болгондуктан Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылып, дипломатиялык каналдар аркылуу иштеп жатканын билдирди.

Ошол эле күнү жактоочу Таалайкуль Токтакунова Орхан Инандынын  автоунаасындагы видеорегистраторго түшүп калган деген сүрөттөрдү жарыялады.

«Бул Орхан Инандынын унаасынан ал жоголордон мурда тартылып калган акыркы сүрөттөр. Сүрөттөгү адамды тааныгандар бар чыгар. Анын жакындары тергөөчү видеорегистратордогу бул жазууларды алган эмес деп жатат. Балким, ИИМ тирүү «күбөлөр» же уурдашы мүмкүн болгон адамдарды эмес, курулуш жүргөн жерлерде издөө жакшыраак деп чечкен окшойт», — деген Токтакунова.

Ал видеорегистратордогу жазуулар тергөөчүгө берилгенин, бирок ал жазуулар иштин материалдарына тиркелип-тиркелбегени тууралуу маалымат берилбегенин кошумчалаган.

9-июнда ШИИББ алынган болжолдонгон буюмдук далилдер жана башка дагы далилдер экспертизага жөнөтүлгөнүн маалымдаган. Автоунаадан алынган жазуулар буга чейин эле сотко чейинки өндүрүш материалдарына кошулган.

«Жактоочу Таалайкуль Токтакунова Орхан Инанды жоголгон күнү, тагыраагы 31-майда Кыргызстандын мурдагы ИИМ жана ЖАМК жетекчиси Мелис Турганбаев менен жолукканын жана Турганбаев ошол эле күнү Кыргызстандан учуп кеткенин билдирген.

Ал эми Мелис Турганбаев бул айтылгандарды ырастап, жолугушуу жарым саатка созулуп, анда ишкердик тууралуу сүйлөшүү орун алганын айткан».

Мугалимдин жоголушуна байланыштуу дүйнөлүк коомчулуктун реакциясы

Инандынын дайынсыз жоголушу Кыргызстанда эле күндүн темасына айланган жок, бул окуя бир катар эл аралык укук коргоо уюмдарынын, дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурду.

Инандынын дайыны чыкпай жатканына байланыштуу алгачкылардан болуп билдирүү тараткан Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму кыргыз бийлигин анын жоголушун дыкат иликтөөгө чакырган.

«Инандыны 2016-жылы Түркияда ишке ашпай калган төңкөрүш аракети боюнча расмий Анкара айыптап, АКШда бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхуллах Гүлендин кыймылына байланышы бар деп куугунтукка алышы мүмкүн. Эгер ал Түркияга кайтарылса, орой мамилеге жана кыйноого кабылып, мыйзамсыз камакка алынышы ыктымал. Аны Түркияда адилетсиз сот жараяны да күтүп жатышы толук мүмкүн», — деп жазылат уюмдун билдирүүсүндө.

Анын аркасынан эле бул маселени Европарламенттин депутаттары көтөрүп чыгышты.

Эл өкүлдөрү Роза Тхун унд Хохенштейн жана Фулвио Мартушелло 2016-жылдан бери Анкара дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринен 100дөн ашык түрк жаранын уурдап кеткенин эске салып, буга тынчсызданып жатышканын билдиришкен.

Алар Түркия менен Кыргызстанды Инандыны табуу үчүн бардык чараларды көрүүгө жана анын жоголуп кеткен жагдайларын ачыкка чыгарууга үндөшкөн.

Көп өтпөй, Германиянын бийлиги да «Сапат» эл аралык мектептеринин президенти Орхан Инандынын табылбай жатканына тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу Deutsche Welle басылмасынын түрк тилдүү редакциясы жазды.

Маалыматта айтылгандай, Германиянын федералдык өкмөтү Кыргызстандын бийлигине кат жолдогон. Германиянын ТИМинин статс-катчысы Мигель Бергердин билдирүүсүндө, Германия менен Кыргызстандын өкмөттөрүнүн өкүлдөрү Орхан Инандыга байланыштуу маселени талкуулаган. Анда Мигель Бергер Инандынын жоголушуна байланыштуу жагдай боюнча дагы деле эч нерсе ачыкталбаганына тынчсыздануусун билдирген.

Бирок бийликтегилер жана укук коргоо органдары бул билдирүүлөргө реакция кылган жок. ТИМ дагы Берлин менен болгон сүйлөшүү тууралуу маалымат тараткан эмес.

Аталган маселе Кыргызстан менен Түркиянын президенттеринин жолугушуусунда да козголгон. Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдиргендей, анда Түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган Инандыны тааныбастыгын, ал жөнүндө маалыматы жоктугун айткан.

16-июнда ИИМ орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Интерпол аркылуу издөө натыйжа бере электигин айткан.

«Түркия, Грузия, Казакстан, Чехия, Испания, Румыния жана Ооганстан алардын чек араларынан Инанды өтпөгөнү тууралуу жооп беришти. Ал биздин чек арадан да өткөн эмес», — деди ал.

Ошондой эле, жыйын жүрүшүндө УКМК Инанды кыргыз жарандыгын кантип алганын териштирип жатканы ачыкка чыккан.

Эми эмне болот?

Бүгүн Инандынын жоголгонуна туура бир ай болду. ИИМдин басма сөз кызматы: «Тергөөгө байланыштуу бардык маалыматтар азырынча ачыкталбайт», — деп билдирүүдө. Дал ушундай эле жооп УКМКнын басма сөз кызматы тарабынан да берилди: «Инандынын иши боюнча тергөө уланууда».

Ал эми жактоочу Таалайкүл Токтакунова бул боюнча бизге комментарий берип, укук коргоо органдары ар дайым бир эле нерсени айтуу менен кутулуп кетет деген пикирде.

«Укук коргоо органдарында эреже болуп калгандай керектүү жана туура жооп жок. Алар ар дайым окшош эле жооп беришет. Бул тергөөнүн купуялуулугу, биз эч нерсени ачыкка чыгара албайбыз деп кутулушат. Бул, биз эч нерсе кылган жокпуз жана кылбайбыз дегендин ордуна жакшы жооп да», — дейт ал.

Анын айтымында, карантин учурунда керектүү адамдар каяктан болсо да табылып жатты.

«Бирок Инандыга келгенде бир айлык жумуштун жыйынтыгы жок болууда, тилекке каршы. Укук коргоо органдары Орхан Инандынын жубайынын, күйөөсүн түрк элчилигинин имаратында кармап турушат деген видеокайрылуусунан кийин жооп да берип коюшкан жок. Тилекке каршы, ЖКнын бир-эки комитетинен тышкары, биз тараптан эч кандай реакция болгон жок», — деди Т.Токтакунова.

Токтакунова кошумчалагандай, Орхан Инанды жоголгондон бери бир ай өтсө да, бул иш боюнча бир да шектүү аныктала элек.

1 пикир

1 пикир

  1. Маргарет Тетчер

    06.07.2021 13:51

    Абдан коркунучтуу бийлик,бугунку бийлик жаквнда мамлекетти сатып жиберсе да тан калбайбыз.Калптын казаны кайнабайт ткрганвн карапацым калк качан тушунот

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM