Биз менен байланышыңыз

Орхан Инандынын уурдалышы боюнча саясатчы, коомдук ишмерлердин пикирлери

Блог | 6 Июл 2021 | 6945 | 1

Кыргыз жараны Орхан Инандынын жоголгонуна туура 35 күн болгондо, анын дайыны Түркиядан чыкты. Тактап айтканда, Түркиянын президенти Эрдоган атайын кызматтын жүргүзгөн операциясынын негизинде Орхан Инанды да Түркияга алынып келингенин өзү жарыялады.

Буга чейин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркияга жасаган иш сапарында да Орхан Инанды боюнча маселе көтөрүлүп, бирок түрк бийлиги ал тууралуу маалыматы жок экенин айткан. Ал эми кыргыз бийлиги аны издөө ишин ИИМге жана УКМКга жүктөгөн. Бирок 35 күн өтсө да, эч кандай жыйынтык чыкпай келген.

Учурда «Сапат» билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инандынын түрк чалгындоосунун атайын операциясы менен уурдалышы боюнча, социалдык тармакта саясатчылар, коомдук ишмерлер, партия жетекчилери жана белгилүү инсандар өз пикирин билдиришүүдө.

Саясатчы Өмүрбек Текебаев: «СУВЕРЕНДҮҮЛҮК КЕРТИЛБЕШИ КЕРЕК!

5-июль күнү Түрк өкмөтүнүн жыйынында Түрк президенти Реджеп Эрдоган «Түрк чалгындоо кызматтарынын атайын ийгиликтүү операциясынын жыйынтыгы менен Орхан Инанды Түркиянын территориясына алып келинди» деп жарыялады. Орхан Инанды Кыргызстандын жараны. Ал Кыргызстандын Билим берүү системасынын өнүгүшүнө эбегейсиз чоң салым кошкон инсан, биздин мекендешибиз.

Кыргыз мамлекетинин суверендүүлүгү канчалык кол тийгис болсо, ар бир кыргыз жараны ошондой кол тийгис болуш керек. Анткени, Кыргыз граждандарынан Кыргыз эли түптөлөт. Кыргыз эли — мамлекеттин негизи. Ошондуктан, Кыргызстандын  Конституциясынын бардык редакциясында «мамлекет өз граждандарынан коопсуздугун коргойт жана Кыргыз жаранын чет элге эч убакта бербейт» деген кепилдик бар.

Түрк атайын кызматтарынын Кыргызстандын территориясында эркин жүрүп, Кыргызстандын граждандарын уурдап кеткендиги бул биздин мамлекеттин, Кыргызстандын суверендүүлүгүнө, анын мамлекеттик кызыкчылыгына кол салганга тете аракет.

Суверенитет четинен кертилип сатылбаш керек. Ошондуктан, бул окуяга Кыргыз бийлиги тарабынан кечиктирилбестен адекваттуу тиешелүү баа берилиши керек, ошого жараша Кыргыз бийлиги тиешелүү аракеттерди жасаш керек. Биз тараптан күнөөлүү адамдар болсо, ал аныкталып, алардын аракеттерине юридикалык баа берилилиши абзел! Эртең, ар бирибиздин башыбызга ушундай кара түн түшсө, мамлекетибиз бизди таштап койбой турганына ишенгендей болушубуз керек».

Акын, журналист Жыргалбек Касаболотов: «Илгери саяк Алыбекти сарыбагыштар сурап келгенде, бугулар: «Караганга да чымчык корголойт го акыры», — деп бербей коюп, аягында чабышканга чейин барганы санжырада айтылат. Албетте, азабын далай тартканы да чын. Бирок мамлекет тургай ошол кездеги урууларда да адамгерчилик принцип иштеген экен. Азабын тартканына карабай аягына чейин турган экен. Ата-бабалар бизге караганда эрки зор, убадага бекем, наркы бийик турбайбы… Эми бизге ким ишенет?».

Коомдук ишмер, саясатчы Эмилбек Каптагаев: «Орхан Ынанды мырзанын түптөп кеткен билим түзүмүн сактоого, ийгиликтүү башталган ишти улап кетүүгө кыргыз эли тикесинен тик турууга милдеттүү… Азыр «Сапат» деп аталган билим берүү түзүмүнө Орхан Ынанды мырзанын ысымын ыйгаруу зарыл, ал биз үчүн УЛУТТУК БААТЫР!».

Алып баруучу Эркин Рыскулбеков: «Ит эле болдук! Бул деген Эрдогандын «Кыргызстандын президентин дагы, мыйзамын дагы, элин дагы уруп ойнобойм» дегенин билдирет!»

Журналист-иликтөөчү Али Токтакунов: «Өтө өкүнүчтүү. Бардык жагынан алганда да туңгуюктуу, татаал кырдаал. Түрк бийлиги кандай гана ярлык такпасын, кыргыз бийлиги, эл Орхан Инандыны бизнес-партнёр, агартуучу, илимпоз катары тутуп, мамилесин бекемдеп келген.

Эгер кыргыз атайын кызматы түрктөргө салып берген болсо, анда Президент Жапаровго импичмент коркунучу жаралат. Анткени баарыбыздын коопсуздугубуздун гаранты, башкы командачы ошол киши.

Эгер түрктөр чынында байкатпай уурдап кетсе (андай болушу күмөн) анда кыргыз бийлиги бүт мүмкүнчүлүктү колдонуп, өз жаранын кайтарып алышы, укуктарын коргошу керек. Конституциянын 51-беренесинин бул пункттарында так көрсөтүлгөн:

  1. Гражданин Кыргызской Республики не может быть выдворен за пределы республики или выдан другому государству.
  2. Кыргызская Республика гарантирует своим гражданам защиту и покровительство за ее пределами.

Анык сыналчу мезгил ушул. Дакансалар жана фейктер аркылуу көптүн көзүнө чаң чачып, маселени унуттуруп кетүүдөн майнап чыкпайт. Батукаев маселеси сыяктуу жаңжалдын чордонуна айланып, мыйзамдуу баа берилмейин  тынчыбайт».

Ишкер Урмат Барктабасов: «Билимди барктабаган, билим албаган, билим берген адамды баалабаган киши, мугалимге ушундай мамиле жасайт…

Билимсиз киши мугалимди баалабайт…

Мугалим түрмөдө жатпашы керек эле…

Мугалимди орду төр, жалганчылар, подлецтер, арамдар…

Бүт элди уят кылдыңар…

Наалат…

Аллахым сизге ден соолук менен сабырдуулук берсин, Орхан!»

Депутат Дастан Бекешов: «Уят! Уят! Уят! Орхан Инандыны өткөрүп берүү эртеби же кечпи биздин бийлик үчүн кылмыш иши болот. Бул Азиз Батукаевдин ишине окшош жагдай болду. А азыр бийлик өзүнө ишенип, аларды эч ким жоопкерчиликке тартпайт деп турат. Бирок бийликте түбөлүктүү эч ким кала албайт».

КРнын эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Аалы Туткучев: «Ушунчалык кор болгон экенбиз. Күнөстүү өлкөнү күн карамага айланттык…».

ЖКнын депутаты Каныбек Иманалиев: «Түшүнгөнгө Кыргызстандын атуулу уурдалды, түшүнбөгөнгө бир түрк уурдалды!».

Саясатчы Равшан Жээнбеков: «Бир дагы Өлкө өз жаранын башка өлкөгө бербейт, уурдатпайт. Бул — жалпы дүйнөлүк эреже.

Кээ бир мамлекеттер берет. Бирок так, алдын  ала келишилген, коомго ачык мыйзамдар аркылуу берет. Бул өлкөлөр негизинен демократиялык, мыйзам үстөмдү бекем иштеген өлкөлөр. Мисалы ЕБ.

Ал эми башка өлкө уурдап кетсе, бул эки өлкө (уурдаган жана уурдаткан) «сүйлөшкүс» өлкөлөлөргө айланат. Мисалы: Россия — Англия. А өлкө ичинде күнөөлүү кызматчылар жазаланат, отставкага кетет. Бул — эл аралык практика.

А бизде башкача. Күнөөлүүлөр убагында, мыйзам боюнча эмес, келечекте түрмөгө отурат. Мисалы, Батукаев иши».

Мындан сырткары «Реформа» партиясы президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасап, кыргыз жаранынын уурдалышы боюнча үн катууга чакырды.

Белгилей кетсек, Орхан Инанды 31-май кечки саат 21:00дө Бишкекте дайынсыз жоголгон. Аны издөөнү өлкө башчы Садыр Жапаров өзү көзөмөлгө алганы айтылган.

Эрдоган Орхан Инандынын Түркияда экенин ачыктады

Орхан Инанды ким?

Ал 1968-жылы Түркияда Кахраман Мараш шаарынын Андырын районунда туулган.

Билими — тарых мугалими, Анкарадагы жогорку окуу жайлардын биринде билим алган.

Кыргызстанга келгенге чейин Анкара, Трабзон шаарларында мугалим, мектеп директору болуп иштеген.

Орхан Инанды Кыргызстанда 1995-жылдан бери эмгектенет. 2001-жылдан бери «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин президенти болуп эмгектенип келе жатат.

Мекеменин курамында 16 лицей, 1 университет, 1 эл аралык мектеп, 3 толук эмес жалпы билим берүү мектептери иштеп жатат. Алардын жаңы окутуу технологиялары менен жабдылышына, педагогдордун кесиптик чеберчилигинин, чыгармачылыгынын өсүшүнө шарт түзүп келе жатат.

Кыргыз Республикасынын билим берүү системасына кошкон салымы үчүн 2002-жылы «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги» төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы жана 2003-жылы «Даңк» медалы менен сыйланган.

Орхан Инандыга туңгуч президент Аскар Акаев «Даңк» медалын ыйгаруу учуру (2003-жыл)

Илим жаатында да алгылыктуу ийгиликтерге жетишип келген. Педагогика илимдеринин кандидаты.

Белгилей кетсек, Орхан Инанды Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат. Учурда 53 жашта.

1 пикир

1 пикир

  1. Рамис

    07.07.2021 02:42

    Чет жакта иштеп жургон Бир тууган кыргыздарга ушундай куйуп бышсанар сонун болмок

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM