Биз менен байланышыңыз

Эрдоган Орхан Инандынын Түркияда экенин ачыктады

Кыска кабар | 5 Июл 2021 | 9058 | 0

Кыргыз жараны Орхан Инанды Түркияда экени ачыкталды. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Министрлер кабинетинин жыйынында өзү билдирди. Бул тууралуу «Хурриет» басылмасы жазды.

Эрдоган: «Орхан Инанды Улуттук коопсуздук кызматынын жардамы менен Түркияга алынып келинди», — деп билдирген.

Белгилей кетсек, кыргыз жараны Орхан Инанды 1-июнда дайынсыз жоголгон. Аны издөөнү президент Садыр Жапаров күч органдарына тапшырган. Аны издөө ИИМге жүктөлүп, «адам уурдоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон болчу.

Дайынсыз жоголду делген Орхан Инанды ким? (өмүр баяны)

Copyright © 2017 Maral FM