Биз менен байланышыңыз

Япония: Көчкүнүн астынан 19 киши куткарылды

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Июл 2021 | 492 | 0

Япониянын Атами шаарындагы жер көчкүнүн астынан 19 киши куткарылды. Бул тууралуу Япониянын өкмөтү маалымдады.

Буга чейин Сидзуока префектурасында жайгашкан шаарда тынбай жааган жаандан улам жер көчкү катталган. Тоо тараптан түшкөн көчкү жүздөн ашык үйдү кыйраткан.

Жаратылыш кырсыгынан учурда 2 адам каза таап, бир канча киши дайынсыз жоголгон. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык 130 үй зыян тарткан.

Японияда учурда жаанчыл аба ырайы өкүм сүрүүдө. Адатта мындай аба ырайы 7-июлдан 20-июлга чейин созулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM