Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: Эмдөөдөн өткөн студенттердин окуу акысына жеңилдик берилет

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Июл 2021 | 580 | 0

Коңшу Өзбекстан калкын коронавируска каршы эмдөө үчүн топторго бөлүп чыкты. Ага ылайык, студенттер да тезинен эмдөө ала турган топ катары белгиленди. Эмдөөдөн өткөн студенттер үчүн окуу акысына 10% жеңилдик берилет.

Мындан сырткары Самарканд жана Ташкент облусунун калкын да биринчилерден болуп эмдөө зарылдыгы айтылган.

Коронавируска каршы эмдөө Өзбекстанда акысыз, мамлекеттин эсебинен жүргүзүлмөкчү. Өлкө бийлиги буга чейин Кытайдан, Орусиядан вакцина алышканын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM