Биз менен байланышыңыз

Жакын арада Эрдоган Тажикстанга расмий сапар менен барат

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Июл 2021 | 828 | 0

Жакын арада Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Тажикстанга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен болгон жолугушуудан кийинки маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Рахмон Эрдоганды Тажикстанга сапар менен келип кетүүгө чакырган.

«Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго жакынкы арада Түркиянын президенти Тажикстанга сапар менен келүү ниеттенип жатканын билдирдим», — деди Акар.

Ал Эрдогандын сапары жана президенттердин жолугушуусу эки мамлекеттин Коргоо министрликтеринин ортосундагы кызматташтыкты арттырууга түрткү берерин белгилеген.

Белгилей кетсек, Хулуси Акар Тажикстанга кечээ, 30-июнда барган. Ал Душанбеде Тажикстандын коргоо министри Шерали Мирзо жана Эмомали Рахмон менен жолугушту.

Ага чейин ал 29-30-июнда Кыргызстанда болуп, коргоо министри жана президент менен жолугушкан.

Түркиянын коргоо министри Эмомали Рахмон менен жолугушту

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM