Биз менен байланышыңыз

«Сапат» мекемеси «Алтын сертификат» алган бүтүрүүчүлөрүн сыйлады

Коом , Кыска кабар | 1 Июл 2021 | 4408 | 0

Бүгүн, 1-июлда «Сапат» билим берүү мекемеси жалпы республикалык тестирлөөдөн «Алтын сертификат» алган бүтүрүүчүлөрү үчүн салтанаттуу иш-чара өткөрдү.

Иш-чарада лицейлердин директорлору, мугалимдер, ата-энелер куттуктоо сөздөрүн айтып, окуучуларга белектер тапшырылды. Ошондой эле «Ала-Тоо» эл аралык университетинин ректору Санжарбек Эрдолатов 11 бүтүрүүчүгө окуу жайдан 100% акысыз билим алууга сертификат берди.

«Биз жыл сайын ушундай өзгөчө бүтүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүп, 100% биздин университетте акысыз окууга шарттарды түзүп беребиз. Былтыр эң жогорку балл алган кыз бизде окуп жатат азыр». 

«Сапат» билим берүү мекемесинин ЖРТ боюнча Бишкектеги координатору Кубаныч Алымбаев лицейдин окуучуларын тестирлөөгө даярдоо ыкмаларын айтып берди.

«Негизи мындай ийгилик бир гана фактордон көз каранды эмес. Буга бир нече фактор себеп болот. Мисалы, окуучунун өзүнөн, анын аракетинен, андан кийин мугалимдердин чеберчилигинен, администрация кызматкерлеринин камкордугунан көз каранды. Андан тышкары «Сапат» лицейинде атайын программалар уюштурулуп турат. Чет өлкөдө окуу үчүн албетте, ЖРТнын жыйынтыгы керек, ошондуктан биздин окуучулар жыл сайын жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп келишет».

Ал эми быйыл ЖРТдан эң жогорку (232) балл алган Каракол шаарындагы Хусейин Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин бүтүрүүчүсү Жайдар Нургазиев ушул ийгиликтердин артында мугалимдери турарын баса белгилейт. Ал быйыл Кытайдын Гонконг шаарындагы City University of Hong Kong университетинин коомдук илимдер факультетине бюджетке өткөнүн жана ал жерде окууга август айында кетерин маалымдады.

«Мен кийинки жылдагы бүтүрүүчүлөргө мындай кеңеш берет элем: чынында аябай катуу деле даярдануунун кажети жок, күнүнө 30 мүнөт жетиштүү. Математикага жана логикалык суроолорго көбүрөөк басым жасаңыздар. Өзүңөргө дайыма ишенип жүргүлө, ошондо гана ийгиликтерге жетишесиңер. Эчтекеден коркпогула, себеби кыйнчылыктар бизди дагы да күчтүрөөк жана билимдүү кылат. Максатыңыздан кайтпай, эмне болсо да жетишкенге аракет кылыңыздар».

Мындан 3 жыл мурда Нарын шаарындагы «Сапат» лицейин аяктаган Аскар Иманакунов да Жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку баллга ээ болгон. Ал Нарындагы Борбордук Азия университетинде бир жыл окуп, кийинки жылы окуусун чет өлкөдөн уланткан. Былтыр эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстанга кайтып келип, окуучуларды ЖРТга даярдаган курс ачкан.

«Карантинге байланыштуу Кыргызстанга кайтып келгем. «Эми эмне кылсам?» — деген суроо бердим өзүмө. Ошондой ЖРТнын Нарын облусу боюнча былтыркы көрсөткүчтөрүнүн статистикасын көрүп таң калдым. Аябай төмөн болуптур. Мен бир четинен аябай намыстандым, бир четинен «бош отурбай, бүтүрүүчүлөргө жардам берейин» деп чечтим. Досум экөөбүз билим берүү мекемесин ачтык. Ал жерде бардык ЖРТда керектүү болгон сабактарды өзүбүз окутабыз. Өзүм негизи университетте окудум, бирок окуумду токтотуп койдум. Мага диплом кереги жок деп эсептейм. Себеби өзүмө керектүү билимди алдым. Эми алдыда кааласам ар кандай курстарды сатып алып, өзүмдү өзүм өнүктүрсөм болот. Мен азыр баарына «дипломдун кереги жок» дегенди пропаганда кылбайм. Жөн гана диплом үчүн окуунун кажети жок деп эсептейм».

Быйыл «Алтын сертификат» алган бүтүрүүчүлөрдүн дээрлик көпчүлүгү чет өлкөгө гранттык түрдө окууга өтүштү. Алар чет мамлекеттеги окуу жайлардан билим алып, Кыргызстанга кайтып билим берүү жана технология багытын өнүктүрүүгө салым кошууну каалашканын айтышты.

Быйыл ЖРТдан өлкө боюнча жалпы 58 окуучу «Алтын сертификат» алган. Анын ичинде «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин 11 бүтүрүүчүсү да бар.

Ошондой эле бүгүн Президент Садыр Жапаров «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында бүтүрүүчүлөргө «Алтын сертификат» жана баалуу белектерди тапшырды.

Белгилей кетсек, акыркы 17 жылдан бери 700дөн ашуун бүтүрүүчү «Алтын сертификатка» ээ болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM