Биз менен байланышыңыз

Жапаровдун Тажикстанга болгон расмий сапарында 4 документке кол коюлду (тизме)

Кыска кабар | 29 Июн 2021 | 4416 | 0

Президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон расмий сапарынын алкагында бүгүн, 29-июнда Душанбе шаарында кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгын өркүндөтүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду:

  • Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Тажикстандын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыздандыруу жана пенсия боюнча агенттигинин ортосунда пенсия менен камсыз кылуу жана социалдык камсыздандыруу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  •  Мамлекеттик кадр кызматы менен Тажикстандын Президентине караштуу Мамлекеттик кызмат агенттигинин ортосунда мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө меморандум;
  •  Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Тажикстандын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери жана спорт комитетинин ортосунда жаштар саясаты жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • «Кабар» Кыргыз улуттук маалымат агенттиги менен Тажикстандын «Ховар» улуттук маалымат агенттигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум.

Мындан тышкары Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Copyright © 2017 Maral FM