Биз менен байланышыңыз

Жайкы окутуу. Мугалимдер изденүү жолунда

Билим-маданият | 30 Июн 2021 | 5577 | 0

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата «Мугалим» илимий-педагогикалык журналы жана «Сейтек» балдар борбору III республикалык жайкы мектебин уюштурууда.

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өлкөнүн бардык аймактарынан келген 100гө жакын мугалим эс алууну окуу менен айкалыштырып жатат.

Аларга күн сайын заманбап билим берүү ыкмалары тууралуу семинарлар өткөрүлүүдө. Ал сабактардын бири «Окуучу күткөн мугалим» аталышында болду.

ЮСАИД «Окуу керемети» долбоорунун улуттук тренери Нургүл Шарапова «Заманбап окутуунун жана баалоонун технологиялары» аталышында семинар өттү. Анда мугалимдер алгач окуучу күткөн мугалим кандай болушу керектигин талкуулашты.

Жайкы окутуу. Окуучу күткөн мугалим ким? Видео

«Мугалим» илимий-педагогикалык журналы окутуучуларга жайкы эс алуу менен бирге пайдалуу окутууларды үч жылдан бери уюштуруп келет. Негизги максаты: «Мугалим канткенде окуучуга татыктуу билим бере алат?» деген актуалдуу суроого жооп издөө. Ошол эле учурда мугалим моралдык жактан өзүн жакшы сезүүсү, ден соолугу чың болуусу жана көңүл ачык болушу маанилүү экенин журналдын башкы редактору Рахат Сулайманова айтты.

— Мугалим кайсы учурда окуучуга жакшы маанайда билим бере алат? Ал өзү ден соолугу чың болсо, жакшы эс алган болсо, маанайы жакшы болсо, энергиясы балдарга да өтөт. Бир эле жерде күйпөлөңдөп, иши менен алектенип, айлыгы жетпей, же эч бир эс алууга барбай жүргөн мугалим кантип окуучуга жакшы сабак өтө алат? Үйүнө барса проблема, мектепке келсе да проблема болуп жатса, окуучуга жеткиликтүү көңүл бура албай калат. Ошондуктан мугалимдерди эс алдыруу, аны менен бирге эмгекти айкалыштыруу максатын көздөгөнбүз.

Бул жерге өлкөнүн бардык дубандарынан тажрыйбалуу, ынтызар, билим алууга, өзүн өнүктүрүүгө маани берген мугалимдер бир нерсени үйрөнүп кетсем экен деген максат менен келишет. Үйрөнгөн нерселери өзү үчүн да, окуучулары үчүн да пайдалуу болсо деген тилегибиз бар.

Жайкы окутууга буга чейин да катышкандар бар. Алардын бири Баткен облусунун Исфана шаарындагы Алишер Навои атындагы орто мектебинен келген, математика мугалими Назира Өсөрова.

Анын пикиринде, мындай окутуулар мугалимдер үчүн зарыл болуп турат. Себеби мугалимдердин өзүн-өзү өнүктүрүүсү маанилүү. Азыр окуучулардын талабы да күчтүү, ал үчүн жаңы технология менен иштешүүнү өздөштүрүү керек.

— Азыркы окуучулар баарын өз колу менен жасап көргүсү келет. Мисалы, бир теманы берип койсоң, анын үстүндө өздөрү иштегиси келет. Ал жөнүндө интернеттен маалымат таап, слайддарды жасап, изденүүгө дилгир болуп жатышат. Изденүү жагынан мугалимдерге караганда, окуучулар алдыга кетип жатат.

Мындан тышкары көпчүлүк мугалимдерибиз өзүн-өзү өнүктүрүүгө көп көңүл бурушпайт. Мисалы, ушул Көл жээгиндеги жайкы окутууну үч жолу өткөрсө болот, бир жума жетишсиз болуп калууда. Ушул окутууга катышса да, көп нерсе үйрөнүшөт.

Токтогул районуна караштуу Өзгөрүш айылындагы №36 орто мектептин башталгыч классынын мугалими:

— Бул окутуу мага аябай жагып жатат, көңүлдүү өтүүдө. Мен бул окутуулардан пайдалуу маалыматтарды алып жатам. Балдарды заманбап ыкмалар менен окутуу, өзүн-өзү өнүктүрүүгө маани берүү тууралуу айтышты.

Мугалим болуп иштегениме 30 жыл болду. Биз иштеп жүргөн мезгилге салыштырмалуу азыр алыскы айыл жерлеринде да сабактарды жаңыча ыкма менен өтүп жатышат. Стандарттар өзгөрүлүп жатат. Биз аны кабыл алганга аракет кылып жатабыз. Ушул жерде өтүп жаткан жайкы окутууга катышып жатканыбыз да — анын далили. Мугалимдер дайыма өзүн өнүктүрүп, жаңы стандарттарды өздөштүрүү үчүн жеке топтор, күчтүү мугалимдердин топтору уюштуруп жатат, буга ыраазыбыз. «Мугалим» журналы да ушундай жакшы иш-чараларды үчүнчү жылы өткөрүп жатат.

Нарын шаарындагы Абдыкадыр Садыков атындагы №9 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Майрамбүбү Жаныманованын айтымында, азыркы окуучулардын талабы башка. Аларды бир класска отургузуп алып, стандарттык негизде сабак өтүү кызыксыз болуп калган. Акыркы жылдары өлкөнүн булуң-бурчундагы мектептерде сабактар жаңыча ыкмалар менен өткөрүлө баштады.

— Акыркы эки жылдан бери бардык эле аймактардагы мектептерде сабактар мурункудай эски системада эмес, санариптик ыкмаларды колдонуу менен өткөрүлүп келе жатат. Пандемия маалында онлайн сабак өтүү да бизди көп нерсеге үйрөттү. Себеби балдар эчтеке билбей калбаса экен деп, биз да телефондон иштеп, жакшы видео сабактарды киргизип, балдарга үйрөтөлү деп жатып, өзүбүз да аябай жакшы нерселерди үйрөндүк. Мугалимдин баары эле «менин жашым өтүп калды, үйрөнө албайм го» дегенден алыс болуп калышты. Улам бири-бирибизге атаандашып, жакшы видео сабактарды киргизип жаттык. Алдыны көздөй умтулуп жатабыз. Анан мына, Чолпон-Ата шаарына келип, окуп да, эс алып да жатабыз. Бул да бизге жакшы дем берип жатат.

Ал эми Токтогул районунун Ничке-Сай айылынын №39 мектебинин мугалими Асыл Сапарова Көл жээгинде болуп жаткан жайкы окутууга биринчи жолу катышууда.

— Мен бул жайкы мектепке тажрыйба алмашуу, мыкты мугалимдер менен таанышып баарлашуу, достошуу максатында келдим. Мага бул окуу абдан жагып жатат. Башталганда эле жакшы маанай менен башталган. Окуу менен катар эс алууну айкалыштырып жатабыз. Мен кесибим боюнча тарыхчымын, иштегениме 16 жыл болду, бул жердеги окутуудан өзүмө керектүүсүн алууга аракет кылып жатам. Окуучу күткөн мугалим ким? Биз ар бирибиз окуучу болгонбуз. Ошондуктан алардын тактыгын, гумандуу болушун, өз кесибин сүйгөн мугалим болушун күтөбүз. Мугалим чыгармачыл болушу керек.

29-июнь III республикалык жайкы окутуунун үчүнчү күнү. Анда мугалимдер эртеден кечке семинарларга катышты.

Күндүн биринчи бөлүгүндө «Мыкты мугалим-2021» сынагынын жеңүүчүсү, жаш мугалим Илгиз Шамырзаев сабак өттү. Ал окутуучуларга мугалим мыкты болуу үчүн эмнелерге көңүл бурушу керек деген темада ойлорун бөлүштү.

Мындан тышкары Казак улуттук педагогикалык университетинин педагогика жана психология кафедрасынын башчысы Адлет Кариевдин да сабагына катышты. Адлет Кариев педагогикалык жөндөмдүүлүк жөнүндө тажрыйбасы менен бөлүштү.

Түштөн кийин санариптик ыкмалар менен билим берүү тууралуу да семинар өткөрүлдү. Аны «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык фондунун санариптик долбоорлор боюнча координатору Данияр Сүйүндүк уулу өттү.

Ал азыркы замандын талабына ылайык, мугалимдер да колундагы бар техникалары аркылуу жашоосун жеңилдетип, сабактарын өтүүдө да санарип ыкмаларды колдонууга үндөдү.

Бишкекте «Санарип 50+» деген долбоор ишке ашып жатат. Ал улуу муундун өкүлдөрүн санарип жашоого ылайыкташтырууну көздөйт. Мугалимдер да ушул долбоорго катыша алышат.

27-июндан 3-июлга чейин өтүп жаткан жайкы окутуу мугалимдердин эс алуусу менен окуусун айкалыштыруу максатында өткөрүлүүдө.

Мугалимдер «Рух ордо» маданий борборуна жана Кырчын жайлоосуна да саякат жасашат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM