Биз менен байланышыңыз

Мээге, акыл-эске зыянын тийгизе турган азыктар

Блог , Ден соолук | 29 Июн 2021 | 9066 | 0

Окумуштуулар мээге, акыл-эске доо кетире турган, Альцгеймер оорусун пайда кылган азыктарды изилдеп чыгышты. Изилдөө Улуу Британияда араб тилинде жарык көрүп келген Rai Al Youm гезитине жарыяланды.

Focus.de сайты окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянып, микротолкундуу меште бышырылган таттуу азыктар менен газдалган суусундукту дамамат колдонуу мээнин сезгенишине жеткирип, нерв талчаларын жабыркатарын жазып чыгышкан.

Улуу Британиянын Бат университетинин окумуштуулары шекерди өлчөмүнөн ашыкча колдонгон же шекерлүү таттууларды көп жеген адамдын артериялары ичкерип, мээге кан жеткирүү кыйынчылык жаратарын, натыйжада атеросклероз оорусун пайда кыларын айтышат.

Түштүк Австралия университетинин окумуштуулары өтө ачуу жашылчалар (чили калемпири сыяктуу) жана татымалдар да кооптуу экенин эскертишет: анткени курамында капсаицин болгондуктан, тамак-ашка күн сайын кошуу акылдын өөрчүшүн басаңдатып, эс тутумду начарлатат.

Австралия улуттук университетинин илимпоздору куурулган азыктар менен фаст-фуд азыктары да мээге доо кетирерин белгилешет, себеби: булардын курамында трансмай көп болгондуктан ден соолукка өтө кооптуу.

Кытай окумуштуулары Альцгеймер дартына изилдөө жүргүзүп жатышып, колбаса менен сырдагы консервант, туз, каныккан (насыщенный) май кислоталары мээге ашыкча зыян экенин, мээдеги сезгенүүнү пайда кылып, кан тамырларды жабыркатарын аныкташкан.

Адамдын энергиясын соруп алган 7 адат

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM